Кара-Сууда окуучулар кандай атырга ууланганы айтылды

Кара-Сууда окуучулар кандай атырга ууланганы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 мектептин 6-классынын окуучулары Россиядан алынып келген атырга ууланышкан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 29-мартта аталган мектептин окуучусу Россиядан ата-энеси жөнөткөн атырды сабакка көтөрүп келген. Класста баланын досу атырды алып, аны башка окуучуларга сээп ойногон. Андан кийин 43 окуучу ооруканага кайрылган. Азыркы тапта беш окуучу ооруканада жатат. Калгандары амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, аталган мектептин 6-классында 47 окуучу билим алат. Окуя болгон күнү окууга 43 бала келген.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча окуучулар Viking аталышындагы атырга ууланышкан.

Милициядан билдиришкендей, аталган окуя каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгынан соң окуучулардын эмнеге ууланганы белгилүү болот жана окуяга юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, 29-мартта уулануудан кийин 43 окуучу ооруканага кайрылган. Алардын ичинен 18 бала ооруканага жаткырылган, калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 30-мартта билдиргендей, ооруканада беш окуучу калтырылып, калганы канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>