Таласта Манастын эстелиги орнотулат

Таласта Манастын эстелиги орнотулат

Талас шаарынын борбордук аянтында Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу облус башчысы Бакытбек Нарбеков билдирди.

Маалым болгондой, учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери жүрүп жатат.

«Аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017-жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарында, дагы бир үлгүсү Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин демилгеси менен Анкара шаарында тургузулган. Бийиктиги 12 метрди түзгөн (өзү 6 м, постаменти менен 12 м) эстеликтин түп нускасы Талас шаарынын борборуна орнотулат», — деп айтылат маалыматта.

Эстеликтин авторлору — Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана скульптор Токталы Мурзакаримов.

Эстеликти 21-март — Нооруз майрамына карата ачуу пландалууда.

Белгилүү болгондой, эстеликтин наркы 8,7 млн сомду түзүп, ал жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилген. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 160 мин сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>