Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлерине иш козголду

Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлерине иш козголду

Таластагы №51 кесиптик лицейдин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас райондук прокуратурасы тарабынан №51 кесиптик лицейинде текшерүү жүргүзүлүп, аталган лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталган.

 «Лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022 окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>