Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскеришти
Жеңиштин 81 жылдыгында шаардын борбордук аянтында «Өлбөс полк» жүрүшү өттү.

Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Эскерүү акцияларына облустук администрациянын өкүлдөрү, депутаттар жана жүздөгөн тургундар катышты.

Иш-чаралар «Баатырлар» паркындагы митинг-реквием менен башталып, андан соң «Өлбөс полк» акциясынын катышуучулары шаар көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш жасашты. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жүрүшкө болжол менен 700 адам катышты.

Борбордук аянтта чогулгандарды президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев куттуктады.

Эрмат Жумаев өз сөзүндө бул күндүн символдук маанисине токтолуп, согуш жылдарындагы көп улуттуу элдин биримдиги жана ынтымагы бүгүнкү муундун келечегин камсыз кылганын белгиледи.

Облустук администрациянын басма сөз кызматы тарыхый маалыматтарды да жарыялады. Архивдик маалыматтарга ылайык, согуш жылдарында Талас облусунан фронтко 17 миң 85 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинен 7 миң 373 адам курман болуп, дагы 6 миң 270 адам дайынсыз жоголгон.
Ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры наамы облусунан чыккан беш жоокерге ыйгарылганы, алардын арасында дүйнөгө белгилүү панфиловчу баатырлар Чолпонбай Түлөбердиев менен Асанбек Оторбаев бар экени белгиленди.
“9-Май – ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган улуу күн. Көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен келген Жеңиш бизге бүгүнкү жаркын жана бейпил жашоону тартуулады. Согушта эрдик көрсөтүп, Жеңиш үчүн өз жанын курман кылган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат”, — деди облус башчысы.