Бишкек жана Ысык-Көлдө Улуу Ата Мекендик согуштун калыбына келтирилген мемориалдары ачылды

Жеңиш күнүнүн алдында Кыргызстанда калыбына келтирилген эки аскердик мемориал — Бишкектеги №7 мектепте жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги Оттук айылында салтанаттуу түрдө ачылды. Реставрацияны КМШ өлкөлөрүнөн тарыхчыларды, край таануучуларды жана волонтерлорду бириктирген «Жеңиш монументтери» элдик долбоору жүргүздү.
Оттуктагы мемориалдын ачылышына Тоң районунун акиминин биринчи орун басары, райондун аскер комиссары, айылдык кеңештин, Орусия элчилигинин өкүлдөрү, ардагерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Долбоор эстеликтерди реставрациялоо менен гана чектелбейт. Февраль айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Улуу Ата Мекендик согушка арналган Тарыхый мейкиндик — тарыхчылар жана студенттер менен тегерек столдорду өткөрүү аянтчасы ачылган. Апрелде «Жеңиш монументтери» КРСУда согуш жылдарындагы совет элинин геноцидине арналган «Унутууга укуксуз» («Без права на забвение») көргөзмөсүн уюштурууга катышкан.

Келечекте долбоор университеттер жана волонтердук бирикмелер менен кызматташууну кеңейтип, жаштарды согуш тарыхын изилдөөгө тартууну көздөөдө.