Таластагы айылда аялдар 50 чакырым жол жүрүп, районго барып төрөөгө аргасыз

Таластагы айылда аялдар 50 чакырым жол жүрүп, районго барып төрөөгө аргасыз

Манас районунун Талас айылында аялдар 50 чакырым жол жүрүп, райондун борборуна барып төрөөгө аргасыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйынында белгилүү болду.

Аталган комитеттин депуттары бүгүн, 29-апрелде Манас районунун Талас айылындагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын абалы менен таанышты.

Медициналык мекеменин 1965-жылы салынган имаратынын эскилиги жетип, чатырынын суу өткөндүктөн, ал жараксыз абалга келген.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетованын айтымында, бул оорукананы оңдоп-түзөө үчүн 24 млн сом керек.

Көчмө жыйында депутат Винера Раимбачаева №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат куруу керектигин белгиледи. Бирок депутат Гүлкан Молдобекова билдиргендей, медициналык мекеме үчүн жаңы имарат куруу маселеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп, министрлердин тынбай алмашуусунан улам көйгөй чечилбей келе жатат.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Аида Чойбекованын айтымында, аларда адистердин жетишсиздиги чоң көйгөй болууда. Айлык маянанын аздыгынан жаш адистер ал жерде иштөөнү каалабайт. Ал эми кош бойлуу аялдар 50 чакырым жол жүрүп, райондун борборуна барып төрөөгө аргасыз. Ошол эле учурда райондун борборунда дагы бир гана акушер-гинеколог бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>