Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Мурдагы аялын WhatsApp аркылуу коркуткан адам соттолду
29.04.2024 | 16:30
Алмата шаарынын тургуну мурдагы аялына 350 миң тенге төлөй турган болду. Мындай чечимди райондук сот кабыл алды.
Ал 2023-жылдын август айында бир жыл мурда ажырашып кеткен аялына 13 аудио билдирүү жөнөткөн. Психолого-филолого-лингвистикалык экспертиза эркек аялды телефон аркылуу коркутуп, кордогонун таксыктады.
Мурдагы күйөөсү ажырашкандан кийин дагы аялын коркутуп келген. Бирок полиция чара көргөн эмес.
Аудио билдирүүлөр боюнча иш козголуп, ал кылмыш катары таанылып, соттолуучу аялына 200 миң тенге моралдык чыгым жана жактоочунун кызматы үчүн 150 миң тенге төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз