Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлерине иш козголду
Таластагы №51 кесиптик лицейдин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Манас райондук прокуратурасы тарабынан №51 кесиптик лицейинде текшерүү жүргүзүлүп, аталган лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталган.
“Лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022 окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда