Таластагы жаңыланган «Манас Ордону» Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалууда

Талас облусундагы «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо иштери 85 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Учурда объектиде 400дөн ашык куруучу иштеп жатканы белгиленди.
Мекеменин маалыматына ылайык, комплекстин аймагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер жана 3,5 миң адамга ылайыкташкан маданий-массалык иш-чаралар борбору курулат.
Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Реконструкциянын алкагында музейдин аянты 450 чарчы метрден 1,5 миң чарчы метрге чейин кеңейтилди.

Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров комплекстин аймагына капсула салгандан кийин башталган.

Анда «Манас Ордону» күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл ала турган Борбордук Азиядагы ири маданий борборго айлантуу пландалып жатканы маалымдалган.

Комплексти реконструкциялоо акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Долбоорду Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыккан.
Иштерди Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата толук аяктоо пландалууда.