Кутурма өлүмгө алып келет: жаныбар тиштеп алгандан кийин эмне кылуу керек — дарыгерлердин кеңештери

Кутурма борбордук нерв системасын жабыркатат жана клиникалык белгилери байкалгандан кийин дээрлик ар дайым өлүм менен аяктайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору эскертет.
Кутурманы илдетке чалдыккан жаныбардын шилекейи аркылуу — ал тиштеп же тырмап алганда, ошондой эле шилекейи жабыркаган териге же былжыр челдерге тийгенде жуктуруп алууга болот.
Инфекциянын булагы үй жаныбарлары да, жапайы сүт эмүүчүлөр да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, адамдарга илдет көбүнчө ит тиштеп алгандан кийин жугат.
Жаныбар тиштеп же тырмап алган учурда адистер жабыркаган жерди дароо 10-15 мүнөт бою көп көлөмдөгү суу жана самын менен жууп чыгууну, жараат жеңил көрүнгөн күндө да мүмкүн болушунча тезирээк медициналык жардамга кайрылууну сунушташат.
Дарыгердин көрсөтмөсү менен байланыштан кийинки профилактиканын толук курсунан — кутурмага каршы эмдөөдөн өтүү зарыл, ал эми айрым учурларда антирабикалык иммуноглобулин сайдыруу талап кылынат.
Медиктер оорунун белгилери байкалышын күтүүгө болбой турганын, анткени симптомдор пайда болгондон кийин кутурманы натыйжалуу дарылоо дээрлик мүмкүн эмес экенин баса белгилешет.
Оорунун алдын алуу үчүн адистер кароосуз калган жана жапайы жаныбарларга жолобоону жана аларды кармоого аракет кылбоону, балдардын белгисиз жаныбарлар менен ойноосуна жол бербөөнү, ошондой эле үй жаныбарларын кутурмага каршы өз убагында эмдетүүнү сунушташат.