Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Видео: Таластагы жол кырсыкта унаа өрттөнүп, жубайлар каза тапты
20.10.2022 | 10:18
Бакай-Ата районундагы жол кырсыктан жубайлар каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тараз —Талас —Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында (Боо-Терек айылы) “Деу Нексия” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзүп, унаадан өрт чыккан.
Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган Б.К. аттуу эркек жана 1960-жылы туулган Ж.К. аттуу аял киши каза болгон.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, Кара-Буура райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткизип беришкен.
Маалым болгондой, каза болгондор жубайлар болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар