Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Тармактык комитет тышкы иштер министри кызматына Кулубаевдин талапкерлигин колдоду
25.04.2022 | 16:35
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоду. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.
Жээнбек Кулубаев депутаттардын алдында сүйлөп жатып, президенттин тапшырмаларын аткарууга тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи.
Ал 2021-жылдын августунан бери президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат