«Таш Рабатта» аялын сабаган жаранга иш козголду

«Таш Рабатта» аялын сабаган жаранга иш козголду

Бишкектеги «Таш Рабат» соода борборунда аялын ур-токмокко алган жаранга карата «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо жөнөп кетишкенин, бирок ошол маалда жаңжалдын катышуучулары белгисиз тарапка кеткени белгиленди.

«Кийинчерээк 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранга карата дене жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет. Милиция кызматкерлери кол салган адамдын өздүгүн тактап, ал 1994-жылы туулган Т.А аттуу болуп чыкты.

Иш Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бишкек: Таш-Рабат соода түйүнүнөн аялын күйөөсү сабады (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>