Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо боюнча 6 протокол түзүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл аймактык башкармалыгы Чүй облустук милициясынын кайгуул-позчик кызматынын полкунун кызматкерлери менен биргеликте Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо фактыларынын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө балыкты мыйзамсыз кармоо фактылары аныкталып — Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык 6 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, эс алуучу жарандарга жана балыкчыларга айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, калдыктарды атайын бөлүнгөн жайларга ыргытуу жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоо зарылдыгы түшүндүрүлдү.
Ошондой эле суу сактагычтын аймагында тазалыкты камсыз кылуу максатында ишембилик уюштурулуп, таштандылар тазаланды.