Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Кыргызстандын аянты 15,8 гектарга көбөйөт, – Ташиев
10.10.2022 | 15:17
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча келишим долбооруна ылайык Кыргызстандын аянты 15 миң 806 гектарга көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кезексиз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Жыйында Ташиев эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берди.
Өз сөзүндө ал Өзбекстан менен чек ара маселесин чечишүүдө талаштуу жерлердин дээрлик баары Кыргызстанга өткөнүн айтты.
Ал белгилегендей, жалпы айтканда Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда.
Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад турган 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.
Ошол эле учурда ал Кыргызстандын аймагы кошумча 15 миң 806 гектарга көбөйүп жатканын билдирди.
“Кыргызстаныбыз азайып кеткен жок”, – деди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом