Ташиев Тажикстанды аймактык дооматтардан баш тартууга чакырды

Ташиев Тажикстанды аймактык дооматтардан баш тартууга чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга каршы аймактык дооматтардан баш тартууга чакырды. Видеону социалдык тармактарга анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов жарыялады.

Ал белгилегендей, бүгүн Баткенде өткөн жылдын 15-16-сентябрында болгон трагедиялардын бир жылдыгы.

«Ондогон аскер кызматкерлери жана карапайым тургундар набыт болушту. Буга чек ара маселеси чечилбей, коңшу өлкөнүн мамлекетибизге кол салуусу себеп болгон. Мен мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиянын төрагасымын. Биз бүгүнкү күнгө чейин маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып келгенбиз жана чечип келе жатабыз. Мамлекет башчысы маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багыт берип жатат. Бирок ошол эле учурда былтыр чындыгында биздин мамлекетке каршы агрессия жасалганын айтуу керек. Келечекте мындай агрессияга жол бербейбиз», — деди УКМКнын башчысы.

Анын айтымында, буга чейин коңшу мамлекет бизге аймактык дооматтарды коюп келген.

“Биз эч кандай доомат болбошу керек деп жооп бердик. Жакында жаңы документтер колго тийди. Ага ылайык, кыргыздардын көп жерлери Тажикстанга кеткен. Муну тарыхый, укуктук документтер менен далилдей алабыз.

Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз.. Бул үчүн бизде жетиштүү күч жана мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде коңшуларга ондогон, атүгүл жүздөгөн жылдар мурун өтүп кеткен, табылган жерлерди кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар”, — деди Ташиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>