Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

Бүгүн, 15-сентябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек-автожол» (Кыргызстан) жана «Карасуу-автожол» (Казакстан) өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 16:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа, ал эми казак тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүүдө.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүгө байланыштуу болууда, айрыкча, айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ.

Белгилей кетсек, кыргыз тараптан дагы, казак тараптан дагы эч кандай чектөөлөр жок. Эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>