Кыргызстанга Сауд Арабиясынын жаңы элчиси дайындалдыБишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалдыАлыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулатКеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салындыОш — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болдуКуршаб ооруканасы бир жылда кадр тартыштыгы маселесин чечип, 22 адисти ишке тартты
Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, урушуп кеткен (ВИДЕО)
02.12.2021 | 12:42
“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон эмес, кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Жоодар Бузумовдун фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, Текебаевге атайын кол салуу болгон эмес. Кимдир бирөөлөр гана урушуп кеткен. Бул боюнча милиция органдары териштирип жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды.
Ошондой эле ал бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылаарын кошумчалады.
Кечээ, 1-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев өзү кол салуу болгонун айтып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат