Ташиев үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды  

Ташиев үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында өзгөчө айыл жеринде аялдарга карата зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

«Айылдарды карагыла, участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте кайсы үйдө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук болуп жатканын текшергиле», — деди ал Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, акыркы убакта адамдардын психологиясы начарлады.

«Мурда баланы урушуп, кээде сабап койчубуз. Бирок балдар муну туура түшүнүштү. Азыр балдарды зордуктап, сабап, башка жаман иштерди кылып жатышат. Мурда аялдарды жөн эле урушса, азыр сабап, кескилеп, өлтүргөнгө чейин барып жатышат. Бул коомдун терс көрүнүштөрүнүн бири. Биз буга көңүл бурушубуз керек», — деди УКМК башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>