Ташиевдин болочок келини сөйкө салууда тартылган видеолорду өчүрдү

Ташиевдин болочок келини сөйкө салууда тартылган видеолорду өчүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин болочок келини, «Кыргызстандын сулуусу — 2021» сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова Instagram баракчасынан  сөйкө салууда тартылган видеолорду өчүрдү.

Расмий баракчасында ресторандын алдында Өмүрбек Ташиев менен түшкөн сүрөттөрү гана калтырылды.

Белгилей кетсек, сөйкө салуу 23-июнда Бишкектеги «Фрунзе» ресторанында өткөн. Ага парламенттин депутатынын агасы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышкан. Алтынай Ботоярова кудаларды тосуп алуу аземинен бир нече видео жарыялаган.

Эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою эми август айында, Бишкекте өтөрү айтылууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Алтынай Ботоярова президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган окуядан жана өлкө башчысынын маегинен кийин видеолорду алып салган. Өлкө башчысынын карындашы дагы баракчасын тазалап, колун сураган учурдан бир эле сүрөттү кайра жарыялап, комментарий жазууга чектөө койду.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2022-жылы ысырапкорчулукка жол берөө боюнча жарлыкты жарыялаган. Анда «мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоодо катардагы жарандарга үлгү болууга тийиш» — деп айтылат.

“Ойлонсо болмок”. Президент карындашы үчүн кечирим сурап, колун сураган жигитти сындады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>