Видео: Ташиевдин сөзүнөн кийин Тажикстандын ТИМине Кыргызстандын элчиси чакыртылды

Видео: Ташиевдин сөзүнөн кийин Тажикстандын ТИМине Кыргызстандын элчиси чакыртылды

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу Тажикстаны ТИМи билдирди.

Тажикстандын ТИМинин маалыматында айтылгандай, 15-сентябрда маалымат каражаттарына чыккан Кыргызстандагы жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдын кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча билдирүүсүнө байланыштуу элчиге (Эрлан Абдылдаевге – ред.) тажик тараптын тынчсыздануусу билдирилген.

«Мындай өңдүү комментарийлер кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессине, өз ара ишенимге олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка 1 жыл болгонуна байланыштуу билдирүү жасаган. Анда ал Тажикстан Кыргызстанга карата чек ара дооматтарын коюп келгенин, Кыргызстан бул маселени дайыма тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып келгенин жана ошол позицияны кармана берерин айткан. Ал былтыркы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусун агрессия деп атап, эми андайга жол берилбей турганын белгилеген. Ошондой эле, ал Тажикстанга Кыргызстандын жерлери өтүп кеткенин ырастаган документтер табылганын кошумчалап, Тажикстан тарапты Кыргызстанга карата жер бою дооматтарын токтотууга чакырган. Болбосо Кыргызстан да Тажикстанга доомат артарын билдирген. Аны менен бирге табылган документтердин негизинде коңшуларга өтүп кеткен жерлерди кайтарып алууга мүмкүнчүлү бар экенин айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>