Ташкентте Палестинаны колдоп митингге чыккандар кармалды

Ташкентте Палестинаны колдоп митингге чыккандар кармалды

Ташкентте Газа секторунун тургундарын колдоп митингге чыккандар кармалды. Бул тууралу Fergana.ru кабарлады.

Шаардык милицияга 100гө жакын киши жеткирилди.

Маалыматка караганда, митинг Амир Тимурдун айкелинин алдында өтмөк. Акцияга катышууга аймактан дагы өзбекстандыктар келишкен.

Айкелдин айланасын милиция тосуп, шаар тургундарына митинг өткөрүүгө жол берген жок.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоо митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

«Палестинага эркиндик». Митинг, спортчулар, саясатчылардын колдоосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>