Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ташкенттен Бишкекке кошумча аба каттам ачылат
27.08.2022 | 19:45
Uzbekistan Airways компаниясы Кыргызстандын борбор калаасына кошумча каттамдар тууралуу жарыялады.
Маалыматка караганда, Ташкент – Бишкек – Ташкент маршруту боюнча кошумча каттамдар 14, 21 жана 28-сентябрда аткарылат.
Учак Ташкенттен 13:00дө учуп чыгып, Бишкекке 15:10до конот, ал эми Бишкектен учак 16:30да учуп чыгып, Ташкентке 16:50дө конот.
Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруту боюнча каттам жумасына төрт жолу – дүйшөмдү, шаршамби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Буга чейин Өзбекстандан Бишкекке аба каттамы жумасына эки ирет гана аткарылып келген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом