Казакстандагы жол кырсыктан кыргызстандык 4 жаран жабыркады

Казакстандагы жол кырсыктан кыргызстандык 4 жаран жабыркады

Казакстандагы жол кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргыз жараны бар экенин ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 27-августта саат 6:40та Батыш Кытай — Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште катталган. Анда автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык ар кандай жаракаттар менен Түлкүбас районунун Т.Рыскулов айылынын борбордук ооруканасына жаткырылган. Алар:

  • 1978-жылы туулган А.З.А;
  • 1989-жылы туулган Т.у.Т;
  • 1985-жылы туулган Э.С;
  • 1997-жылы туулган М.Б.Т.

Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Кырсык Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесине ылайык, катоого алынган.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте окуянын бардык чоо-жайын териштирди. Ошондой эле ооруканага жаткырылган кыргызстандыктардын абалы көзөмөлгө алынды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>