Тазалык кызматкерлеринин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө дайындалды

Тазалык кызматкерлеринин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө дайындалды

Бишкек шаарынын мэри “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен болгон эки кайгылуу окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 18-декабрда түндө “Ала-Тоо” ресторанынын алдында “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Ал ошол жерден жан берген. Маркум 60 жашта болгон.

Белгилүү болгондой, тазалык кызматкерин сүзгөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле маалымат булактары кырсык болгон учурда кылмышкер мас абалында болгонун айтышкан.

Маркумдун үй-бүлөсүнө шаар башчысынын резервдик фондунан 50 миң сом жардам берилерин мэрия билдирди. “Тазалык” ишканасы ошондой эле КРнын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте жакындарына компенсация төлөп берет.

Өткөн жумада эле «Мазда Атенза» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кетип каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>