Тажик аскерлери ок атууну токтотпой жатат

Тажик аскерлери ок атууну токтотпой жатат

Тажик тараптын демилгеси менен саат 22:18де Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен экинчи телефондук сүйлөшүүсү болду. Ага Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик күчтөрүнүн командачысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали катышты. Сүйлөшүү ок атышпоо тууралуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Генерал-майор Уларбек Шаршеевдин айтымында, тажик тарап ок атууну токтотпой, оор аскердик техниканы жана өздүк курамды чек арага тартууну улантууда», — деп жазат Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, саат 23:00дө тажик аскерлери Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин позицияларына маал-маалы менен ок атууну улантууда. Эки-Таш, Кум-Базар, Чир-Дөбө аймактарында атышуулар болууда.

«Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аскерлери турган жерди минометтон аткылашты, ал эми Көчө-Бою аймагында тажик аскерлеринин аткылоосунун натыйжасында Кыргызстандын жаранынын үйү күйүп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>