ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну тезинен токтотууга чакырды

ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну тезинен токтотууга чакырды

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зас Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдиновго таянуу менен жазды.

Зас Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөштү, ал эки тарапты тең токтоосуз түрдө ок атууну токтотууга чакырды.

«Чек арадагы кайрадан кагылышуулар, анын кесепетинен жарадар болгондор олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Тажик-Кыргыз чек арасындагы куралдуу кагылышуу токтоосуз токтотулушу керек. Чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү зарыл. Бул үчүн ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга жаңжалды жөнгө салууда керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр. Мен ЖККУга мүчө эки мамлекеттин жетекчилиги бул татаал чек ара маселесин чечүүнүн өз ара алгылыктуу жолдорун табат деп ишенем», — деди Зас өз билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>