Ысык-Көлдө 100 делегаттын катышуусунда ШКУ Медиафоруму ачылдыЫсык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму башталдыКадамжайда Бүргөндү магистралдык каналы кеңейтилетСадыр Жапаров Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындадыКызыл-Жылдыз айылында 90 жумушчу орунга ылайыкталган ири нан комбинаты ишке киргизилетУКМК: Кыргызстанда туруп, чет элдиктерди интернет аркылуу алдап жүргөн топ аныкталды
Тажикстан кыргыз аскерлерине иш козгоду
03.05.2021 | 15:46
Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде Согди облусунун Исфара шаарынын Чоркух жамаатына кыргыз аскерлерин кол салганга айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын аскер кызматкерлерине каршы “агрессивдүү согушту баштоо же жүргүзүү” жана “адам өлтүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле кыргыз аскерлери “улуттук жек көрүүнүн негизинде” иш-аракет кылышкан деп айыптап, чек арага жакын жайгашкан үйлөрдү өрттөгөнгө айыптаган.