Тажикстан Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

Тажикстан Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков 27-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Гусейнзода кыргыз дипломатына Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн өлкөнүн жашы жете элек эки жаранына карата мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу нота тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

«Нотада Тажикстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн Исфаранын Ворух жамаатынын Кулик аймагында Тажикстандын жашы жете элек эки жаранына карата мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу тажик тараптын терең тынчсыздануусу айтылат», — деп жазылат маалыматта.

Музаффар Гусейнзода чек ара аймагындагы чыңалууга алып келген мындай мыйзамсыз аракеттердин жол берилбестигин билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары окуяга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн кыргыз тарапты тезинен чараларды көрүүгө чакырды. Ошондой эле, анын жыйынтыгы боюнча тажик тарапты кабардар кылууну суранды.

RT медиасы 27-апрелде Ворух жамаатынын бийлиги кыргыз чек арачылары «жамааттын эки окуучусун уурдап кетип, сабап салган» деп кабарлаганын жазып чыкты.

Белгиленгендей, балдар Ворух жамаатынын Захматобод махалласынын жанындагы жайлоодо мал жайышкан жана бул Тажикстандын аймагы. Бир сааттан кийин гана тажик чек арачыларынын кийлигишүүсүнөн кийин кыргыз чек арачылары балдарды кайтарып берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>