Тажикстан менен беттеште Ташиевдин уулу жаштар курамасына капитан болду

10.07.2024 | 11:36

Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда  Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионаты (U-20) өтүп жатат. Кечээ Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Тажикстан менен беттешип, 0-0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.

Оюнда кыргыз футбол командасын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев жетектеген. Ташиев оюнга Испаниянын Барселона академиясында окуп жаткан кызы Сумая менен бирге көз салган.

[image_carousel source=”media: 211994,211996″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Белгилей кетсек, 19 жаштагы Эмир-Хан Кыргызстандын улуттук курама командасына дагы чакырылган.

Эми футболчулар 12-июль күнү финалда чемпиондук наам үчүн Иран менен кездешет.

Scroll to Top