Тажикстандын күч түзүмдөрү кармап алган Уразбек Мирзоев Кыргызстанга кайтарылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын сүйлөшүүсүнөн соң кыргызстандын 2 жараны коё берилген.
26-сентябрда жубайы менен Тажикстанга конокко бара жаткан Лейлек районунун тургуну Уразбек Мирзоев коңшу өлкөнүн атайын кызматы тарабынан кармалган болчу.