Тажикстандагы үй-бүлөнүн өлүмү. Баткендеги туугандары окуянын чоо-жайын айтып беришти

Тажикстандагы үй-бүлөнүн өлүмү. Баткендеги туугандары окуянын чоо-жайын айтып беришти

Май айынын аягында Тажикстандын Канибадам районуна караштуу Санжизор айылында (мурдагы Жийделик) киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн туугандары дагы эле маркумдардын балдарын Кыргызстанга алып келише элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге алардын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, балдар — 8, 4 жана 1 жашта.

«Балдар учурда Хожент шаарында ооруканада экен. Чыкса өткөрүп берер деген ниеттебиз», — дейт маркумдун туугандары.

Балдар 47 жаштагы атасы Абдуфаттох Ибрагимов, 46 жаштагы апасы Курбангүл жана 50 жаштагы эжеси Зулхо Ибрагимова өлтүрүлгөн түнү үйдө уктап жатышкан. Эч нерседен кабары жок болгондуктан Кыргызстандын Лейлек районунун Арка айылында жашаган туугандарына телефон чалып, ата-энесин таппай жатканын айтышкан.

«Үчөөнү тең муунтуп өлтүрүп, сөөгүн бир бөлмөгө топтоп, сырттан жаап коюшуптур. Алар жолдун боюнда, айылдан алысыраак жашачу. Жакынкы кошунасы тажик үй-бүлөнү дагы өлтүрүп кетишкен», — дейт туугандары.

«Балдары ата-энесин күтүп, бир жашар кыз ыйлай бергендиктен Кыргызстандагы туугандарына «курсагыбыз ачты» деп телефон чалышат. Биздин божомолубузда байкуштар ата-энесин бир суткага жакын күткөн. Эшикти ачканда улуу кызы сөөктү көрүп калган экен, азыркы абалы кандай экенин билбейбиз», — деп айтып беришти.

Каза болгон үй-бүлө

Зулхо Ибрагимова кыргыз тилдүү мектептин завучу болуп иштеп жаткан. Ал  эми иниси Абдуфаттох Ибрагимовдун майыптыгы бар болчу.

«Эч кимге зыяны жок, карапайым үй-бүлө эле. Эжесинин өзүнүн үй-бүлөсү жок, иниси менен чогуу жашап жүргөн. Кылмышкерлерге бир дагы каршылык көрсөткөн эмеспи? Ызы-чуу болсо балдар дагы ойгонмок. Андыктан биз бир нече адам кол салган деп ойлойбуз. Эмне максатта өлтүрүп кетишкенин, үйүнөн эмне жоголгону дагы  билбейбиз, анткени Тажикстанга өтө албайбыз. Болгону сөөктөрүн өткөрүп беришти, Лейлекте жерге бердик», — дейт туугандары.

Абдуфаттох Ибрагимов Кыргызстанга көчүп келүүнү көздөп жүргөн. Мурдагы Жийделик айылынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзчү. Акыркы бир нече жылдан бери тургундарынын 80 пайызы көчүп кеткендиги айтылат. Учурда дагы этникалык кыргыздардын 30-35 үй-бүлөсү жашап жатышат.

Жогорку Кеңеште Канибадамдагы эки үй-бүлөнүн өлүмү тууралуу маселе көтөрүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>