Тажикстандын агрессиясы: Максатта милиция бөлүмү менен ФАП оңдолду

Тажикстандын агрессиясы: Максатта милиция бөлүмү менен ФАП оңдолду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров Тажикстан тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

Фельдшердик-акушердик пункт «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт

Ошондой эле Акылбек Жапаров Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>