Корея: Көчөдөгү тыгылышта 151 адам каза болду. Элчилик жарандарга кайрылды

Корея: Көчөдөгү тыгылышта 151 адам каза болду. Элчилик жарандарга кайрылды

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Сеулдун Итэвон районундагы тыгылышта көп сандагы адамдар каза болгонуна жана жабыркаганына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Акыркы маалыматтар боюнча, 30-октябрга караган түнү Хэллоуинди майрамдоо учурунда «Хэмилтон» мейманканасынын жанында болгон тыгылышта 151 адам каза болуп, 82 киши жабыркаган. Каза болгондордун 19у чет элдик экени кабарланды.

Элчилик аталган окуядан жабыркаган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматы бар адамдар болсо, аларды +82 10-6891-2707 (WhatsApp) номерине кабар берүүгө чакырат.

Ошондой эле элчилик Кореядагы кыргыз жарандарын эл көп топтолгон жерлерге барбоону сунуштайт жана Итэвон районундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу (тыгылыш) жардамга муктаж болгон жарандарды элчиликтин консулдук бөлүмүнө 010-6891-2707 номери аркылуу кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>