Текебаев менен Чотонов акталды — видео

Текебаев менен Чотонов акталды — видео

13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, актады.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тарткан.

Соттун чечиминен кийин Текебаевге журналисттер мамлекеттен компенсанция талап кыласызбы? деген суроо узатышты.

Текебаев: «Канча жылдан бери пенсия, айлык албай жүрдүм анын барын эсептесем 4 млн сомдун тегереги болот экен. Өкмөт компенсанция төлөп бериши керек. Анткени доогер өкмөт. Бирок мен өкмөттүн учурдагы экономикалык абалын түшүнүп, компенсация талап кылбайм, ал каражат пандемия менен күрөшүүдө пайдалуу болот деп ойлойм», — деди.

Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден 1 млн АКШ доллар пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана эки саясатчыны үй камагына бошоткон. Андан бери иш райондук сотто каралып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>