Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Темирлан Султанбеков 23 күндөн бери ачкачылык кармап жатат
05.12.2024 | 12:36
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 23 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу саясатчынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.
Ачкачылык кармаган Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап, дене табы түшүп, көзү караңгылап, кол-буттары муздап, алсыз болуп жатканы айтылат.
Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер ноябрдын ортосунда, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.
Алар 13-январга чейин камакка алынган. Алардын партиясы шайлоодон четтетилген.
Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом