Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Терек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолдорунда кыймыл калыбына келтирилди
05.07.2026 | 11:30

Терек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолдорунда транспорттук кыймыл бир тилке боюнча калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, 4-июль саат 16:28ге карата жол кызматтары жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалоо боюнча биринчи кезектеги иштерди аякташты.
Ошондой эле адистер жолдорду толугу менен калыбына келтирүү иштерин улантып жатышканы жана коопсуз кыймылды камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатышканы кабарланууда.
Буга чейин ошол эле күнү эки унаа жолунда тең кайрадан сел жүрүп, анын кесепетинен транспорттун кыймылы убактылуу токтотулган болчу. Ыкчам тазалоо иштеринен кийин каттамды бир тараптуу режимде ачууга мүмкүн болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом