Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Израиль согушка көз каранды болуп калды — Режеп Тайип Эрдоган
05.07.2026 | 12:10

Израиль өкмөтү согушка көз каранды болуп калды. Бул тууралуу ишемби күнү Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен болгон биргелешкен пресс-конференцияда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин жергиликтүү ЖМКлар кабарлады.
«Израиль оккупациялык күчтөрү Газа секторунун эзилген тургундарына карата мыйзамсыз жана адамкерчиликсиз чабуулдарын улантууда. Согушка көз каранды болуп калган Израиль өкмөтүнө биздин аймакты кайрадан ок-дары менен кандын жытына муунтууга мүмкүнчүлүк бербөө керек. Түркия аймактын бардык тургундары, диний ишенимине карабастан, тынчтыкта жана коопсуздукта жашаган атмосфераны каалайт», — деди Эрдоган.
Эскерте кетсек, Израиль менен Түркиянын мамилеси 2023-жылдын аягында еврей мамлекетинин Газа секторунда жүргүзгөн аскердик операциясынан улам курчуп кеткен.
Өлкөлөр элчилерин чакыртып алып, соода мамилелерин токтотушкан. Түркиянын азыркы жетекчилиги Израилдин бийлигин аймактагы саясаты үчүн ырааттуу түрдө сындап келет.