Терроризм гибриддик конфликттердин куралы катары колдонулууда — Марат Иманкулов

Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдар глобалдык саясаттын жана гибриддик конфликттердин куралы катары колдонулууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алдында «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Терроризмсиз, экстремизмсиз жана сепаратизмсиз дүйнө: глобалдык коопсуздук системасындагы ШКУнун жана БА (Борбордук Азия) өлкөлөрүнүн ролу» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, мындай түзүмдөр кеңири геосаясий процесстердин алкагында пайда болуп, иш алып барат жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында саясий максаттарга жетүү үчүн колдонулууда.
Иманкулов ошондой эле терроризм жана экстремизм дүйнөлүк диндер менен байланышы жок деген пикирин билдирди. Анын айтымында, диний окуулардын өзүндө террористтик же экстремисттик принциптер камтылган эмес, болгону айрым топтор диний риториканы өз ишмердүүлүгүн жаап-жашыруу үчүн гана колдонушат.
Президенттин кеңешчиси белгилегендей, азыркы эл аралык кырдаал күчтөрдүн глобалдык балансынын өзгөрүшү менен коштолууда, ал эми дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы конфликттер жаңы дүйнөлүк тартиптин калыптанышына жана таасир талашуу күрөшүнө байланыштуу.
Иманкуловдун пикиринде, коркунучтарга туруктуу каршы туруу — эл аралык укук нормалары сакталганда, эл аралык коопсуздук системасы бекемделгенде жана мамлекеттер тарабынан саясий эрк болгондо гана мүмкүн болот.
Терроризмге каршы кызматташуу механизмдери буга чейин эле иштеп келе жаткан ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму), ЖККУ (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму) жана КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) сыяктуу аймактык уюмдардын ишин күчөтүү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын ал баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен күч-аракеттер терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү үчүн гана эмес, радикалдуу идеялардын жайылышына каршы туруу үчүн да зарыл.
Президенттин кеңешчиси Канттагы орусиялык авиабаза боюнча келишимди узартуу келечегине өзүнчө токтолду. Ал бул объектти жамааттык коопсуздук системасынын маанилүү элементи деп атап, эгерде бул маселе карала турган болсо, Кыргызстандын жетекчилиги келишимди узартууну колдойт деген пикирин билдирди.