Тезирээк жумушка чыгыңыздар! Ырсалиев тазалык кызматкерлерине кайрылды

Тезирээк жумушка чыгыңыздар! Ырсалиев тазалык кызматкерлерине кайрылды

«Тезирээк жумушка чыгыңыздар. Болбосо, сиздердин ордунуздарга иштей турган башкалар чыгышсын». Мындай билдирүү менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев тазалык кызматкерлерин жумушка чыгууга чакырды.

«Урматтуу Тазалык ишканасынын айдоочулары жана жүк жүктөгөн кызматкерлери!

Сиздерден сураныч?! Тезирээк жумушка чыгыңыздар. Болбосо, сиздердин ордунуздарга иштей турган башкалар чыгышсын. Бишкек шаарын таштандыга бастырып коюп, жүрөгүбүз чыдап отурбашыбыз керек. Сиздер койгон талаптарга макул болдук. Директорду иштетпейбиз деген туура эмес. Бир күн болгон директорду иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир айда ордуна коём деп убада берип жатат. Баарыбызда үй-бүлө, бала-чака бар. Кудайдын бергенине шүгүр кылып иштей берели. Сиздер да кошумча акча табасыздар. Элдин баары билишет. Убада боюнча иш алып баралы», — деп жазат Ырсалиев Фейсбук баракчасына.

Буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган. Жаңы жетекчи болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пенсионери Султан Алыбаев дайындалды.

Тазалык кызматкерлери (негизинен жүк ташуучу унаалардын айдоочулары) жумушка келбей, ишкананын аймагында митингге чыгышкан. Алар иштин чоо-жайын билбеген жетекчилерди тез-тез алмаштырып жатышканын айтышат. Кызматкерлер да айлыкты кармап, унаа оңдоого акча бөлбөй жатканын билдиришүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>