Башкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү
Тигүүчүлөр эми маркалоодон өткөн товарларды гана Россияга экспорттой алат
13.03.2024 | 14:32
1-апрелден тарта Россияга маркалоодон өткөн жеңил өнөр жай товарлары гана киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Андыктан экспортерлор жана өндүрүүчүлөр маркалоо коддоруна заказ бериши керек. Аны бул тармактагы атайын оператордун main.teksher.kg сайтынан заказ берсе болот.
Мындан тышкары, “Атыр жана даараткана сууларына”, “Фотоаппараттарга жана лампа-жарыктарына”, “Бут кийимдерге” жана “Сүт азыктарына” маркалоо коддорун алууга болот.
Белгилей кетсек, 2024-жылдан тарта Россияда бардык товарларга маркалоо милдети киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика