Президенттин тапшырмасы менен «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору чакыртып алынды

Президенттин тапшырмасы менен «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору чакыртып алынды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал билдиргендей, буга чейин Жапаров өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору болгон.

«Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору президенттин администрациясы тарабынан демилгеленип, иштелип чыккан. Кыргызстандагы жана чет жердеги медиа өкүлдөр бул мыйзам долбоорунда журналисттердин ишин кыйыңдата турган нормалар бар экенин жана өлкөдөгү сөз эркиндигин чектей турганын билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>