ТИМ башчысы Кулубаев кытайлык кесиптеши менен жолугушту

ТИМ башчысы Кулубаев кытайлык кесиптеши менен жолугушту

Кечээ, 26-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуу Кытайдын Сиань шаарындагы «Борбор Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин иш-чарасынын алкагында болгон.

Тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөө, саясий-экономикалык  жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу контекстинде кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Жолугушууда президент Садыр Жапаровдун май айында Кытайга боло турган биринчи мамлекеттик сапарын уюштуруу, ошондой эле «Борбор Азия – Кытай» биринчи саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелери каралган.

«Министр Жээнбек Кулубаев «Бир алкак – бир жол» долбоорунун маанилүү чынжырчасы боло турган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практика жүзүндө ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү перспективаларынын негизинде «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун, ошондой эле чек ара соода-сатык мамилелерин жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди», — деп билдирет министрлик.

Мындан тышкары, кыргыз тарап биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, текстиль жана тигүү өнөр жайы, энергетика жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар экени айтылган. Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон, инфраструктуралык мүнөздөгү гранттык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү зарыл экендиги белгиленген.

Аны менен бирге жарандардын эки өлкөгө өз ара баруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экени айтылган.

«Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган өз кезегинде кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө жогору баа берди. Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү соода-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ролун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кытайдын ТИМ башчысы практикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта кыргыз айыл-чарба продукциясынын Кытайга импорттолушун кубаттап, кыргыз тараптын чек арадагы соода-сатык мамилелерин өнүктүрүү, инфраструктуралык шарттарды түзүү жана логистикалык борборлорду куруу боюнча сунуштарын колдоого алган.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун тездетүү, ошондой эле Кыргызстанда транспорт, саламаттык сактоо, ирригация жаатында инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу иштери маанилүү экенин белгиледи», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>