ТИМ КР мамлекеттик органдарынын тышкы саясатын координациялайт — президент жарлыкка кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкөнүн бирдиктүү тышкы саясий курсун координациялоого жана мамлекеттик органдардын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнө жооптуу жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп белгиленди.
Документте бардык министрликтер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы саясат маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, чечимдердин жана демилгелердин долбоорлорун ТИМ менен макулдашууга милдеттүү экени каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жыл сайын өздөрүнүн эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ТИМ менен макулдашып, ошондой эле мекемеге эл аралык келишимдердин жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышы боюнча чейректик (ар квартал сайын) отчетторду берип турууга тийиш.
Жарлыкка ылайык, ТИМ өз компетенциясынын чегинде бардык мамлекеттик органдар үчүн аткарылышы милдеттүү болгон актыларды чыгаруу укугуна ээ болот.
Министрлик ошондой эле бирдиктүү тышкы саясий курстун сакталышына мониторинг жүргүзөт, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн окутуудан өткөрөт жана эл аралык иш-чараларды уюштурууда саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтөт.
Тышкы саясат маселелери боюнча расмий билдирүүлөрдү президент, Министрлер кабинетинин төрагасы, тышкы иштер министри жана алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар гана жасай алышат.
Ошондой эле, документте мамлекеттик органдардын жетекчилери жарлыктын талаптарынын сакталышына, тышкы саясат маселелери боюнча материалдардын даярдалышына, ошондой эле кызматкерлерди чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларга жөнөтүүнүн негиздүүлүгүнө жеке жоопкерчилик тартары белгиленген. Уруксат берилбеген тышкы саясий билдирүүлөр жана Кыргызстандын расмий позициясына каршы келген аракеттер жеке жоопкерчиликке алып келет.
Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилерине өздөрү жайгашкан өлкөлөрдө бирдиктүү тышкы саясий курстун ишке ашырылышын камсыз кылуу жана бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо тапшырылды.
Мындан тышкары, эл аралык уюмдарда иштөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн талапкерлери эми ТИМ менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.