«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Коомдук дааратканада кызды аңдыган жигит кармалды
03.07.2026 | 10:30

Свердлов райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери коомдук дааратканада кызды шыкаалап (аңдып) турган Кыргызстандын 21 жаштагы тургунун кармашты.
Мекеменин маалыматы боюнча, жигит райондук ИИБге жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине («Майда ээнбаштык») ылайык убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.
Учурда тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыгы менен кармалган жарандын аракеттерине укуктук баа берилет.