Өлкө жетекчилиги менен байланышы бар деген шылтоо менен 1,2 млн доллар талап кылган алдамчылар кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) курулуш компанияларынын биринен алдамчылык жол менен 1,2 миллион АКШ долларын талап кылган «К.У.А.» жана «Б.Т.» аттуу жарандардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул суммага фигуранттар республиканын жогорку жетекчилиги менен жалган жеке байланыштарын жамынып, Бишкектен жер тилкесин алууга көмөктөшүүнү убада кылышкан.
Алдын ала төлөм катары кылмышкерлер 70 миң АКШ долларын жана баасы 15 миң доллар болгон «KIA K5» үлгүсүндөгү унааны алышкан. Өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин, алар каражаттарды кайтарып бербөө үчүн жогорку кызматтагы чиновниктер менен байланыштары бар экенин айтып коркутуп, жабырлануучу менен жолугушуудан кача башташкан.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн экөө тең кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызматтар кылмыштын бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар башка шериктерин аныктоо үчүн тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө.