ТИМ Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды

ТИМ Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды

Кечээ, 26 – апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ТИМдин нотасы тапшырылды.

2021 — жылдын 24-апрелинде Лейлек районунун 2 тургуну Тажикстандын күч органдары тарабынан уурдалып, сабалган.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев элчиге чек арадагы абалды курчуткан мындай жосунсуз жоруктарга жол берилбеши керектигин айтып, тажик тарапты окуянын чоо-жайын иликтеп, күнөөлүүлөрдү тезинен таап, чара колдонууга чакырды.

Бүгүн, 27-апрелде дагы Бишкекте тышкы иштер министрлигинин алдында Баткендеги чек ара маселеси боюнча нааразылык ациясы өттү. Чогулгандар колдоруна “Эсен Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Мы против экстрадиции Эсена Мажитова в Таджикистан” деген жазууларды кармап турушту.

Эске салсак, 2020-жылдын август айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырынан улам, алты киши жаракат алган. Анын төртөө кыргызстандык.

Белгилүү болгондой, анда Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан Эсен Мажитовдун үйүн тажик тарап өрттөп жиберген. Ушул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара чатактары күчөп, ок атышууга чейин жеткен.

Маалыматтарга ылайык, Мажитов 18-апрель күнү Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Бирок ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан Тажикстанга экстрадициялоо үчүн кармалган. Бул маселе боюнча кыргыз бийлиги эч кандай реакция кылбай жатат деп нааразы болду чогулагандар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>