Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Улуу Памирдеги кыргыздардын абалы тууралуу маалымат текшерилүүдө
11.01.2023 | 10:18
Массалык маалымат каражаттарына чыккан Афганистандын Памир өрөөнүндө оор вирустук инфекциянын жайылып жатканы жана анын айынан этникалык кыргыздардын каза болуп жатканы тууралуу маалымат Кабулдагы элчилик тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Телефондук байланыш жок болгондугуна байланыштуу, Улуу Памирдеги кыргыздардын абалын билүү үчүн жерине элчиликтин ишенимдүү адамы жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда министрлик Кичи Памирде абал тынч экенин, вирустук оорунун чыкканы тастыкталбаганын белгилейт.
Министрлик менен элчилик аталган маселени көзөмөлүнө алып, афганистандык кыргыздардын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта болууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом