Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Бишкек — Ош унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу ачылды
11.01.2023 | 09:26
Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-январда Бишкек — Ош унаа жолунун 134-135-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында болжол менен 4000 чарчы метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.
Жерине Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ ӨКМдин Бишкек — Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КДМБдан 3 куткаруучу тартылган.
Тазалоо иштерин жүргүзүүгө №9 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом