Тогуз-Торо райондук милициясында генерал Токтожума Жээналиевдин айкели тургузулду

Тогуз-Торо райондук милициясында генерал Токтожума Жээналиевдин айкели тургузулду

Бүгүн, 28-октябрда Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүндө милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиевдин айкелин салтанаттуу ачуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Алишер Барпиев, Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын орун басары Марат Масиркулов, Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Тогуз-Торо РИИБнин башчысы Руслан Кадыров, Токтожума Жээналиевдин балдары жана жакындары катышты.

«Адылбек Бийбосунов милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиевдин басып өткөн жолуна токтолуп, анын кыргыз милициясынын тарыхында орду чоӊ экендигин белгиледи. Ал өз өмүрүн элдин коопсуздугуна арнап, жаштарга үлгү болчу кызматкер, балдарына татыктуу тарбия берген инсан болгондугун айтып өттү. Ошондой эле Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү менен тыгыз кызматташкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, милиция кызматкерлерине, ИИОнун ардагерлерине, офицерлердин жубайларына ИИМдин медалдарын, Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталарын тапшырды.

Иш-чаранын катышуучулары Токтожума Жээналиевдин өрнөктүү басып өткөн өмүр жолун эскеришип, элине, жерине жасаган мыкты жумуштарын айтып өтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиев 1933-жылы 9-майда Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. 1962-жылы Алматы шаарындагы милициянын орто мектебин аяктаган соӊ Нарын ОИИБде, Тогуз-Торо РИИБде кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп иштеген. Ички иштер органдарында иштеп жүрүп 1966-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМнин Академиясын аяктаган.

1963-1971-жылдары Ак-Талаа РИИБнин начальниги, 1971-1972-жылдары Нарын ОИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, 1972-1975-жылдары Жумгал РИИБнин начальниги, 1975-1981-жылдары Нарын ОИИБнин начальнигинин орун басары, 1981-1987-жылдары Нарын ОИИБнин начальниги болуп эмгектенген.

Токтожума Жээналиев «Милициянын отличниги», «Билим берүүнүн отличниги», «Коомдук тартипти коргоодогу жетишкендиктери үчүн» медалы, «Эмгек кызыл туу» ордени, «Эӊ жакшы эмгеги үчүн» медалы, «Эмгек сиӊирген юрист», «Кыргыз Республикасынын ардактуу ардагери», «Нарын облусунун ардактуу атуулу», III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Токтожума Жээналиев «Кыргыз милициясынын жылдыздуу кыздары», «Эч качан эстен кетпейт», «Кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы» китептеринин автору. Ал 2010-жылы өмүрүнүн акырына чейин Биринчи Май районунун согуштун жана эмгектин ардагерлер кеӊешинин төрагасы болуп эмгектенген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>